Бишкекте маршруттук таксиден аялдын телефонун жана 40 миң доллар акчасын уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте маршруттук таксиден аялдын телефонун жана 40 миң доллар акчасын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январь күнү болжол менен саат 18:08 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен маршруттук таксинин ичинен баштыгымды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милициянын кайгуул кызматына 1979-жылы туулган О.Н. аттуу айым арыз менен кайрылган.

"Баштыгынын ичинде Редми-9 үлгүсүндөгү чөнтөк телефону жана 40 миң доллар акчасы бар болгон. Жазылган арыздын негизинде ыкчам кармоо иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалган. Шектүү Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2021-01-27 14:52:12
10 жылга камап оң колун кесип салыш керек
+1
Muratmipa
2021-01-27 16:05:04
40мин доллар менен кантип коркпой маршруткага олтурат кызык ошончо акчан болсо такси менен эле кетип кал кантип кармаганы кызык болуп жатат . Иши кылып родства болбосо болду
+5
ooki8888
2021-01-27 21:15:44
Muratmipa, Сумкада 40мин доллар, + телефон. Мобильный телефон аркылу милиция оной эле табат (при желании).
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан