Бишкек-Токмок унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 27-январь күнү саат 13:00 чамасында Бишкек-Токмок-Балыкчы унаа жолунда болгон.
Анда Mercedes-Benz Sprinter унаасы Audi менен сүзүшкөн. Натыйжада 2 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат жана унаалар айып короосуна токтотулду.