Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун тургундарын бодо малын жана жылкыларын карызга алып, андан ары из жашырган аялдын иши соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ак-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну И.Ж. жана Түргөн айылынын 44 жаштагы тургуну Ч.А.га карата сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, райондук соттун кароосуна жиберилди.
Өткөн жылдын май айында Ак-Суу РИИБине Ак-Булак айылынын тургуну арыз менен кайрылып, анда 2019-жылдын ноябрь айында белгисиз аял эркек адам менен келишип, өзүн жеке ишкер катары тааныштырып, 2 баш уюн жана жылкысын карызга алып, ушул күнгө чейин акчасын бербей жаткандыгын билдирген.
Аталган факты райондук милициясында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары кармалган Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну И.Ж. жана Түргөн айылынын 44 жаштагы тургуну Ч.А. жүргүзүлгөн алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө күнөөлөрүн толугу менен моюнга алышкан.
Тергөөдө шектүүлөрдүн дагы ушундай 31 кылмыш ишин жасаганы аныкталган. Бир жылдын аралыгында шектүүлөр Ак-Суу районунун Ак-Булак, Качыбек, Кайырма-Арык айылдарынын тургундарынын ишеничтерине киришип, баш аягы алардан 27 баш ири мүйүздүү малды жана 20 баш жылкыны карызга алып, акчасын кийин берерин убадалашкан. Жалпы материалдык зыян 3 миллион 700 миң сомдун тегерегин түзгөн. Азыркы учурда алдамчылык боюнча айыпталып жатышкан И.Ж. жана Ч.А. үй камагында.