“Жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарам". Ноокенде 16 жаштагы кызды коркутуп акча талап кылган жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өспүрүм кыздан опузалап, акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 1978-жылы туулган А.Д. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын декабрь айынан баштап 16 жаштагы кызын Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну “жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберем” деп коркутуп, үйүндө турган 300 миң сомдук алтын буюмдарын алып чыгып саттырган жаранга, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

"Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 14-январь күнү Ноокен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүү катары 2000-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалган. Ал күнөөсүн моюнга алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн баш коргоо чарасын Ноокен райондук сотунда карап, үй камагына чыгарган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Noon
2021-01-27 16:23:49
Анын жылаңач сүрөттөрү кайдан бар экен? Жөн кыз эмес окшойт да жылаңач сүрөткө түшүп жүрсө.
+10
Sonyasonya
2021-01-27 16:41:20
Noon,соо журобу соо журбойбу ар кимдин озунун иши, никто не имеет право кого то шантажировать. Ар Ким ОЗУ учун акыретте жооп берет
0
asan92
2021-01-27 16:52:04
Sonyasonya,
Бизде кыздарды менчик катары коруп алышкан. Эркектин эн бир жаман тарбиясы ушунда. Ар ким оз жашоосуна озу кожоюн. Аялдардын моралдык журум турумун биз козомолдойбуз деген билимсиздер колунардан эч нерсе келбейт. Буга жол берилбейт. Бироону коюп озунорду кузгудон карап алгыла.
-1
Zumrudianka
2021-01-27 19:04:41
Noon,Мектеп окуучусу жыланач кайдан тушмок, интернет онуккон заман жыланачты компьютер аркылуу кылам десе али ак караны айырмалай элек кыз коркуп акча бергендир жон суйлошкон адамына. Жэ ит эркек башын айлантып жаш кызды оз билгенин кылган. Тообо кылдым уулу бар улуу суйлобо кызы бар кыска суйлобо.
+2
Janyl98
2021-01-27 16:37:09
Мээси жок бала экен. Камап салгыла буга окшогон акмак балдарды. Кылмыштын кобун эркек балдар жасап жатышат.
+5
ooki8888
2021-01-27 20:48:17
Азыр компютердин заманы, хиджап кийген адамды деле жыланач кылып монтаждап койсо болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан