Баткен облусундагы "Кызыл-Бел" өткөрмө пунктунун нөөмөт башчысы М.Т кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеке ишкер "Кызыл-Бел" өткөрмө пунктунун кызматкерлери пара талап кылып жаткандыгын айтып Финполго кайрылган.
"26-январда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кызыл-Кыя шаарынан "Кызыл-Бел" өткөрмө пунктунун нөөмөт башчысы М.Т. пара алып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, кармалган кызмат адамынын унаасын тинтүү учурунда, болжол менен 100 миң сомдук акча каражаттарын табышкан",- деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 326-берененин (пара талап кылуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.