ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы шектүү жарандан ири өлчөмдөгү прекурсор табышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан борбор калаада өндүрүлүүчү жана күкүрт кислотасынын ири өлчөмүн сатууга адистешкен кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
"Бул зат өзүнүн кооптуулук туудуруучу сапаттарынан башка да, баңгизаттардын оор түрлөрүн өндүрүү үчүн негизги прекурсор болуп саналат. Жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде 1976-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандын иштеген жеринде "героин" баңги каражатын жасоодо, өндүрүүдө, кайра иштетүүдө колдонуучу зат табылып алынган. Анда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 520 килограмм күкүрт кислотасы алынган. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
Маалымат катары: 520 килограмм күкүрт кислотасынан 1,5 тонна героин баңги каражаты өндүрүлөт. Бул 750 000 максималдуу дозага татыйт. Акчалай эсептегенде - 1 миллион доллардан ашат", - деп жазылат маалыматта.