УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-мартка чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-мартка чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.

Анын баш коргоо чарасын бүгүн, 27-январь күнү Биринчи Май райондук соту карады.

Сегизбаевдин жактоочусу бул саясий буйрук деп эсептейт.

"Абдил дагы өзү айтты, массалык маалымат каражаттарына саясий буйрук болуп жатканын айтып кой деди. Сиздерге жеткирип коёюн. Мен эртең шаардык сотко арыз менен кайрылам", - деди жактоочу Кантемир Жумалиев.

25-январда Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө Абдил Сегизбаев кармалган. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Simels
2021-01-27 18:02:43
Эч кандай саясий буйрук жок! Кылгандарын моюну менен тартсын!
+11
nurikkg90
2021-01-27 18:45:00
СЕГИЗБЕЙЕВДИН ЖАШООСУНАН МЕНИКИ КУДАЙГА ШУГУР БОЛУП КАЛДЫ ТУУГАНДАР
+8
ooki8888
2021-01-27 20:27:04
Опкосун узгуло, буларга убал жок!
+4
Kylych87
2021-01-27 22:05:22
Сен дагы сизонун даамын татып корчу кандай болот экен,жок жерден куноосу жок адамдарды камансын.
+3
Bolotbek9191
2021-01-27 22:05:52
А Сегизбаев камалышы керек Белизгейт жалган болуп чыкпадыбы ушунча элдин алдында айтты эле уч депутаты каралап ойлопда кетет экенсин саясатта соо киши жокго деп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан