Бишкектеги дүкөндөрдүн биринин кассасынан акчаны уурдап, из жашырган аял кармалды

Бишкекте уурулук фактысына шектелген аял киши кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-январь күнү саат 15:00 чамасында "Караван" соода борборундагы дүкөндөрдүн бирине кардар келген. Ал кассадан 27 миң сом акчаны уурдап кетип калган.

Жабырлануучу милицияга кайрылып, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1990-жылы туулган А.С. аттуу аял киши кармалган. Ал мурда соттолгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан