Бишкекте 3 унаа сүзүшүп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 27-январда болжол менен саат 22:10 чамасында Жукеев Пудовкин менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Кырсыктан 4 адам жабыркап тиешелүү медициналык кызматтар көрсөтүлгөн.
Үч унаа тең убактылуу айып короосуна токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.