Таласта уюлдук телефондорду уурдаганга шектүү жаран кармалды. Кармалган жаран уурдалган телефондорду Казакстан, Орусия өлкөлөрүнө сатууга жөнөтүп, калганын жергиликтүү дүкөндөргө арзан баада сатканын моюнга алды. Мындай маалыматты Талас ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, жабырлануучу 2020-жылдын октябрь айында Талас ШИИБине кайрылып, шаарда жайгашкан дүкөнүнөн сатыкта турган 30-40 даана ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефонду жана кассадан 56 миң сом акчаны белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө белгисиз жарандар дүкөндүн артынан киргендиги аныкталган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган телефондор Бишкек шаарындагы "Беш-Сары" жана башка дагы телефон сатуучу жайларга алып келингени аныкталды. Издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү делинип 1973-жылы туулган Манас районунун Май айылынын тургуну К.Н. аттуу тургуну кармалды. Ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, уурдалган телефондорду Казакстан жана Орусияга сатууга жөнөтүп, калганын Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы дүкөндөргө арзан баада өткөрүп жибергенин айткан. Далил зат катары уурдалган телефондордун 5 даанасы табылып, ээсине кайтарылып берилди. Шектүү келтирилген материалдык чыгымды төлөп берүүсү тууралуу көрсөтмө берди.
Кармалган жаран 20-январь күнү Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, камакка алынган. Аталган факты боюнча тергөө иштери уланууда", - дешти мекемеден.