Ысык-Атада дүкөндөрдөн азык-түлүк уурдап жүргөн шектүүлөр кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда дүкөндөрдөн азык-түлүк уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Кант шаарынын 33 жаштагы жашоочусу П.С. арыз менен кайрылган. Анда 20-январга караган түнү белгисиз бирөөлөр арыз ээсинин дүкөнүнүн эшигин бузуп кирип, ичинен акча каражаттарын, азык-түлүк, тамеки жана ичимдиктерин уурдап кетишкенин билдирген.

"Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ушул сыяктуу дагы эки арыз милиция кызматкерлерине келип түшкөн. Ал арыздарда дүкөндөрдөн азык-түлүктөр, ичимдиктер уурдалганы тууралуу билдиришкен. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүү үчүн жасалган бир катар ыкчам тергөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 46 жаштагы А.С. жана 25 жаштагы Т.Б. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Кармалган шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жогун аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан