Чүйдүн Сокулук районунда мал уурдоого шектүүлөр колго түшүрүлдү

Чүйдүн Сокулук районунда мал уурдоого шектүүлөр колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө 38 жаштагы Э.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 19-декабрына караган түнү Чат-Көл айылында жайгашкан сарайынан белгисиз бирөөлөр үч баш майда мал-жандыктарын уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Жалал-Абад облусунда туулуп-өскөн 40 жаштагы О.Ы., 28 жаштагы У.Н. жана 23 жаштагы Ж.К. аттуу жарандар кармалышкан.

"Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кармалган жарандар Сокулук жана Аламүдүн райондорунан мал уурулугуна байланыштуу дагы 5 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталаган. Милиция кызматкерлеринин кылдат жүргүзгөн иш-аракеттеринен улам мал уурлукка шектүүлөр кармалышып, акыркы уурдалган мал-жандыктар ээсине кайтарылып берилген. Ал эми буга чейинки уурдалган малды жок кылууга үлгүрүшкөн. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынышып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Djumahmatov
2021-01-28 21:19:50
Аламидин районундагы кимдин койу экен менин дагы 3 койумду уурдап кетишкен мен дагы арыз жазгам энесини уурдап козусу калган уктата койбой мөөрөйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан