Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда 27-январь күнү саат 17:20да Лебединовка айылынын Береговая көчөсүндө Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.
Жерине ӨКМдан 5 суучул тартылып, унааны менчик крандын жардамында чыгарып ээсине өткөрүп беришкен.