Ленин РИИБинин кызматкерлери кармап кеткен Абдил Сегизбаевдин тарапташтары жана жубайы коё берилди

Ленин РИИБинин кызматкерлери кармап кеткен Абдил Сегизбаевдин тарапташтары жана анын жубайы коё берилди. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 28-январь күнү саат 10:00 чамасында Турусбеков жана Чүй кең көчөсүндө бир канча адам митингге чыккан. Ал эми милиция кызматкерлери аталган көчөнү бошотуу керек экенин түшүндүрүүдө, алар баш тартышкан. Мындан улам 4 жаран Ленин РИИБине жеткирилген. Алар 1962-жылы туулган О.Г. 1968-жылы туулган А.Г., 1982-жылы туулган Э.А. жана 1988-жылы туулган С.Д. аттуу жарандар болгон. Аларга профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, андан соң коё берилген", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 27-январда Биринчи Май райондук соту Абдил Сегизбаевди УКМКнын СИЗОсуна 25-мартка чейин камакка алган. 25-январда Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын сотко чейинки өндүрүштүк иштеринин жүрүшүндө Абдил Сегизбаев кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан