Ошто Кызыл китепке кирген кийикти атып, мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жаран кармалды

Ошто Кызыл китепке кирген кийикти атып, мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда Чоң-Алай РИИБине жашы болжол менен 35-40 жаш чамасындагы жаран Алтын-Мазар участкасында мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-январь күнү саат 22:00 чамасында Чоң-Алай РИИБинин тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 30 жаштагы О.Э. аттуу жаранды аныкташкан. Ал Алтын-Мазар участкасынын Миң-Теке жайлоосунда өзүнүн мыйзамдуу ВЕПРЬ үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен сейрек кездешүүчү Кызыл китепке кирген бир баш кийикти атып, мыйзамсыз аңчылык кылып өлтүргөндүгү аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүдөн кылмышка тиешеси бар буюм далилдер алынып, тергөө кызматына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kamchatka
2021-01-28 18:36:16
Депутаттар атса эч нерсе болбойт карапайым эл атса кызыл китепке кирген сейрек кездешуучу болуп калат е
+1
XATSAN125
2021-01-29 23:05:24
Стукачынар айтты да аны болбосо темселеп силер тоого кыяяматтада чыкпайсынар курсагынар саландап
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан