Бишкекте борбордук мечиттен ири суммадагы акча каражатын уурдаган деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте борбордук мечиттен ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдаган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-январь күнү Свердлов РИИБине О.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү белгисиз жаран Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан борбордук мечитте арыз ээсинин капчыгын уурдап, белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Ичинде 5 миң 700 даллар, 300 миң рубль жана 55 миң сом акча каражаты болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 1970-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Далил катары шектүүдөн акча каражаттары уурдалган капчык табылган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери улантылууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан