"Өпкүлөп, кармалап". 14 жаштагы кызга ыплас иш-аракеттерди жасаганга айыпталган адам сот залынан бошотулду

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 14 жаштагы кызга ыплас иш-аракеттерди кылганга айыпталуучуну сот залынан бошотту. Анда сот айыпталуучу Ж.Н.ди күнөөлү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок ага мунапыс колдонулуп, ал жазадан бошотулган. Мындай өкүм Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.

Айыпталуучу Ж.Н. 1979-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Мурда сот жообуна тартылган эмес. Ага 2020-жылдын 20-февраль күнү болжол менен саат 21:00 чамаларында Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылында 14 жаштагы өспүрүмдү үйүнө жеткизем деп алдап, токойдун ичине алып барып, кыздын жыныстык мүчөлөрүн кармалап, бетинен өпкүлөп, ыплас аракеттерди кылган деп айып тагылган.

Тергөөдө айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган эмес

"2020-жылдын 20-февраль күнү №243 маршруттук таксимди айдап күндөгүдөй иштеп жаткам. Бир убакта жабырлануучу кыз Пригородное айылына барам деп мага отурду. Бирок мен Пригородное айылына барбай турганымды айтып "Манас" деген дүкөндүн алдына түшүрүп койгом. Мен жүргүнчүлөрдү таштап кайра келе жатсам, кыз мени жолго чейин ала кетиңиз деп отурду. Ал менден "Пригородное айылына кайсы маршрттук такси барат деп сурады, азыр такси менен кетпесең, ал жакка маршруттук унаа каттабай калды деп айттым". Анда кыз жолду кыскартып Асыл-Таш жакка жеткизип коюуну суранды, мен макул болуп, жеткирип койгом", - деген көрсөтмө берген.

Жабырлануучу эмне дейт

"Апам Пригородное айылындагы үйгө кел деп айтты. Мен №212 маршруттук таксиге түшүп, шлагбаумдан кайра №243 маршруттук таксиге отурдум. Айдоочу жолдо бара жатып Жибек-Жолуна кайрылып кеткенинен, Пригородноеге барышым керек десем, "ал жакка барбайт, бирок сени жеткирип коем" деди. Ал маршруткадагы жүргүнчүлөрдүн баары түшүп кеткенден кийин караңгы жакка алып барып токтотуп, өпкүлөп, кармалап баштады. Мен токтотуңуз десем дагы болбой койду. Эптеп бошонуп чыгып, бир үйдүн эшигин такылдаттым. Ал жактан бир байке чыгып, "не болду" деп сураганынан такси чакырып берип коюусун өтүндүм. Анан ал байке такси чакырып берип, Пригородноеге бардым. Ал күнү апама айтпай эле коюуну чечкем, эртеси айттым", - деп айтып берген жабырлануучу.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү эмне дейт

"20-февраль күнү болжол менен саат 20:00 чамасында кызымды Пригородное айылындагы жашаган үйгө кичинекей баламды караганга чакыргам. Андан кийин кызымдан кабар жок болуп, телефон чалсам дагы албай койду. Кийинчерээк саат 23:00 чамасында үйгө келген. Келгенде эч нерсе деп айтпай эле жатып алды. Эртеси окуяны айтып берип, мен дароо милицияга барып арыз жаздым", - деген мыйзамдуу өкүл.

Андан кийин мыйзамдуу өкүл айыпталуучуга эч кандай доо арызы жок экенин билдирип, тосмо арыз жазып берген.

Соттун өкүмү

2020-жылдын 24-март күнү чыгарылган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу кыз жаракат алганы аныкталган эмес. Ошондой эле айыпталуучуга карата жасалган соттук-психиатриялык экспертиза ал кылмыш жасап жаткан учурда өзүнүн кыймыл-аракеттерине жооп берип, аларды башкара алган, оорулуу эмес деген жыйынтык чыгарган.

Бишкек шаардык мэриясынын Биринчи Май райондук жумушсуздарды каттоо бөлүмү айыпталуучунун жубайы 2020-жылдын 17-сентябрынан жумушсуз экенин, ал каттоодо турганын көрсөткөн. Мындан сырткары, айыпталуучунун жашы жете элек 3 баласы бар экени көрсөтүлгөн.

Сот айыпталуучу мурда соттолбогонун, ал эми оор жагдай катары күнөөсүн моюнуна албаганын эске алган. Сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучуга мунапыс колдонулуп, сот залынан бошотулган.

Өкүм күчүнө киргенге чейин нааразы тарап 30 күн ичинде аппеляциялык тартипте Чүй облустук сотуна даттанууга укуктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-01-29 07:22:06
акча акча акча акча заман
+10
nazira...
2021-01-29 08:06:16
14 жаштагы кыз нени билет. Кантип калп айтсын бечара. Билбейм кимиси туура. Сот неге коркпой актады бир кудай билет. Кудайым балдарыбызды жамандыктан сактасын.
+9
king_era
2021-01-29 08:48:42
Ооо соттор кай жакты карап жатат???
+8
Aliza_96
2021-01-29 10:52:22
Ушундайларды окуп алып торогун деле келбей калат экен
+6
Kari
2021-01-29 11:01:15
14 жаштагы кызды саат кечки сегизде да кел дейби.Эртерээк чакырса болбойбу.Тунку 11де келсе тергебейби.Кандай ата-энелер бар ,ушул заманда коркпогон.
+2
AykaMer
2021-01-29 11:03:46
Ошол үчүн педофилдер көбөйүп баратат да...
+3
Akjas
2021-01-29 11:08:55
Кимисине ишеништи да билбей калдым чынын айтсам
+3
Elfaju
2021-01-29 11:46:26
Болушу мумкун, менда биринчи Бишкекке барганда 243-маршурутка тушуп шаарды жакшы билбей аялдамадан отуп кетиптир мин токтотуп коюн тушуп калайын десем азыр кайтканда тушуп каласын деп кайтып келгенде эч ким калбады токтотуп акчасын берсем албай андан коро бетинен ооп алайын деген, атам менен кишикенсиз уялбайсызбы деп тушуп кеткем. Кудай озу сактаган экен азыр ойлосом.
+7
Mr.altynbek
2021-01-29 12:13:42
Мумкун кыз жалган айткан окшойт арызын кайра алганына караганда
0
rola
2021-01-29 16:08:14
Эптеп акча ондуруштун жолу окшойт,тосмо арыз жазганына караганда.
+3
oopapa
2021-01-30 11:44:04
Мурдун озундун бетинде турганда сулуу, бироонун жашоосунда эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан