Жалал-Абадда мейманканада чыккан ызы-чуу. Кеп-сөзгө келбеген жаран милиция кызматкерин бөтөлкөнүн сыныгы менен сайып салды

Жалал-Абад шаарында мейманканада ызы-чуу салган жарандар милицияга баш ийбей, кызматкердин бирөөсүн колуна жана бутуна учтуу нерсе менен сайып жиберди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2021-жылдын, 23-январь күнү саат 11:50 чамасында Жалал-Абад ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде белгисиз жаран 2 аял киши менен биргеликте мас абалда коомдук тартипти бузуп, уят сөздөр менен сөгүп, мейманкананын кызматкерлерин уруп жатат деген маалымат түшкөн.

Аталган маалымат боюнча Жалал-Абад ШИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, коомдук тартипти бузуп жатышкан жарандарга карата тартип бузууну токтотууну талап кылган. Кызматтык милдетин аткарып жаткан кызматкерлерге баш ийбей, тескерисинче каршылык көрсөтүшкөн.

"Ошол учурда ызы-чуу салып жаткан киши өзү көтөрүп ичип жүргөн спирт ичимдигинин бөтөлкөсүн жерге уруп сындырып, учтуу жагы менен милиция кызматкерин көздөй шилтеп сол колуна жаракат келтирип, сол бутуна сайып жиберген. Мейманкана кызматкерлеринин арыздары жана бул окуя боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми жабырлануучуларга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган. Денесинен жараат алган кызматкер ошол учурда Жалал-Абад облустук ооруканасына кайрылып, медициналык жардам алып чыгып кеткен.

Жогорудагы окуяга байланыштуу Базар-Коргон районунун 32 жаштагы тургуну Ж.А. ошол эле күнү тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаардык сотунда шектүү Ж.А.нын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Simels
2021-01-28 19:04:23
Американыкындай эле кылыш керек биздин милицияларды, Эгерде жаран баш ийбей, милициянын өмүрүнө жана башка жарандардын өмүрүнө коркунуч жараткыдай болсо "стрельба на поражение" кылып эле атыш керек!
+8
Jacob.
2021-01-28 19:23:15
Simels, бизге мыйзам керек мыйзам керек деп тош каккылашат дагы кайра мыйзамга баш ийбей кутурушат..
+8
Jigit25
2021-01-28 19:59:00
Simels, Америкадай болушубузга кеминде 30-жыл бар
0
Majit1975
2021-01-28 22:54:13
Jigit25,300 жыл десең туура болмок
+2
Nurtilek82
2021-01-28 20:31:22
Мен ишенбедим Д-Абадтын милициялары ото эле кооп кеткен тушундурсон тушунбойт оздору атайын провокация кылышат озундун укугунду айтсан 270 ст адм.пр такап камайм деп коркутат унчукпай олумуш болсон акча сурайт айрыкча ППС менен МАИ кызматкерлери ушуну полктун командири Календаров Зуураб карап текшерип койсо жакшы болот эле
+1
Nurtilek82
2021-01-28 22:51:26
Nurtilek82,Жалан ППС менен МАИ минус басканго
+3
Noon
2021-01-28 20:54:04
Шорун катты дей бер эми
-1
Kari
2021-01-28 22:21:08
Колуна го макул,бутуна кантип сайды.Же баякы апендидей болдубу,кулагы менен туягына атты бир ок менен десе,атасы ондоп кетет го.Туягы менен кулагын кашып жатканда аткан деп.
+3
Nurtilek82
2021-01-28 22:49:38
Kari,:):):):)
0
Kari
2021-01-28 22:23:13
Базар Коргон Жалал Абадтан ошончолук алыспы,мейманканада туногудой.
0
Majit1975
2021-01-28 22:54:39
Kari,эки аял менен эс алып жаткан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан