Бишкекте батирге уурулукка кирип, көп суммадагы акчаны уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2021-жылдын 18-январында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 6-кичи районунун көп кабаттуу үйлөрүнүн биринде жайгашкан батирге белгисиз жарандар мыйзамсыз кирип, үйдөн 82 миң доллар акчасын жана алтын буюмдарын жашыруун уурдап кетишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1984-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары улантылууда.
Көңүл буруңуз! Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлерге кайрылса болот.
Байланыш телефону: 0706 23-33-06 жана 102.