Ошто баңгизатын сатууга шектелген аскер кызматкери кармалды

Ош шаарында баңгизатын мыйзамсыз сатууга шектелип аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

"27-январь күнү Ош шаарында өсүмдүк тобундагы баңгизатты сатып жаткан учурда 1991-жылы туулган А уулу Н аттуу жаран кармалган. Соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган зат граммды түзгөн «гашиш» баңгизаты деп табылган", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, кармалган адам Ош жана Чүй облустарында, анын ичинде кылмыш-жаза тутумунун мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондордун арасында баңгизаттарды таратууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан