Караколдо катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа көпүрөдөн сууга кулап кетти

Кечээ, 28-январда Каракол шаарында катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа көпүрөдөн кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 16:10 чамасында Каракол-Түп унаа жолунун 13-чакырымында “Volkswagen Golf-2” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Жыргалаң суусуна түшүп кеткен.
"Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркаган. ӨКМдин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин унаанын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан жарандардын жардамында Ысык-Көл облустук ооруканага жеткирилген. Жабырлануучунун аты-жөнү такталууда", - деп жазылат маалыматта.
Караколдо катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа көпүрөдөн сууга кулап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан