Нарын облусунда 30 жаштагы тургун жалган маалымат айтканы үчүн 2 жыл 6 айга соттолду. Бул тууралуу Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.
Анда өткөн жылдын 10-декабрь күнү 30 жаштагы тургун "белгисиз үч эркек ок атуучу курал менен коркутуп унаага салып мүрзөнүн жанына алып барып башка тепкилеп "өлтүрөм" деп коркутту" деп милицияга арыз берген.
Окуянын чоо-жайы:
Арызда 2020-жылдын 10-декабрь күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Нарын шаарынын "64" аймагынан 30 жаштагы жаран өзүнүн унаасы менен кетип бара жаткан. Аны жолдон өңү кара түстөгү унаадан белгисиз эркек кишилер ок атуучу курал такап коркутуп, унаасына салышып мүрзөгө алып барып коркутушкан. Андан соң сабап ошол жерге таштап кетип калышканы жазылган. Мындан улам бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында Нарын облусунун аймагына “перехват” планы киргизилип, иликтөө иштери башталган.
Сотто арыз ээси төмөндөгүдөй көрсөтмө берген
"2020-жылдын 10-декабрь күнү Ауди С4 унаам менен жүргүнчү ташып иштеп жүргөм. Кечки саат 19:00 чамасында үйгө барып унаамды токтотуп, "64" аймагынан дүкөнгө кирип арак ичкем. Бир аздан кийин жубайым Айжанга телефон чалып, "мени белгисиз балдар унаасына салып уруп-сабап алып кетип бара жатышат деп алдап айтканын, андан кийин милицияга калп айтып жалган арыз жазганы үчүн кечирим сурап, эмне себептен мындай ишке барганын өзү да билбей калганын айтып көрсөтмө берген".
Айыпталуучунун жубайынын көрсөтмөсү
"Ошол күнү саат 18:00 чамасында жолдошум унаасын короого токтотуп коюп үйгө кирбей кетип калган. Бирок 10-15 минута өткөндөн кийин телефон чалып "мени бир балдар унаага салып кетип баратышат" деп айтып, телефонду коюп салган. Анан мен байкеме бул окуя боюнча айттым. Кайра жолдошум телефон чалып, "балдар сабап мүрзө жакка таштап кеткенин айтты". Мен барайын десем "64" деген аймакка туруп тур деп койду. Анан ал келип Нарын ОИИБге барып жолдошум арыз жазды", - деген жубайы.
Өкүм:
Сот бул иште айыпталуучу Т.М.ны күнөөлүү деп таап, 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Сот кылмыш иши анча оор эместигин, күнөөсүн моюнга алып чын дилинен өкүнгөндүгүн жана иштин башка жагдайларын эске алуу менен Т.М.га пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу аны жаза өтүүдөн бошоткон.