Артында 4 жана 2 жаштагы уулдары калды. Алайда өлтүрүлгөн милиция кызматкери жөнүндө Ош ОИИБи маалымат берди

Кечээ, 28-январда Ош облусунун Алай районунда милиция кызматкери киши колдуу болуп өлтүрүлүп, Гүлчө дарыясына ыргытып жиберишкени маалым болгон.

Кылмышкерлер тарабынан каза болгон милициянын лейтенанты Нурланбек Эркулов 1989-жылы 27-июль күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылында төрөлгөн. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2010-2011-жылдары 2024 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Кийин 2012-2017-жылдар аралыгы №71137 аскер бөлүгүндө кызматкер болуп эмгектенген. Ошентип 2019-жылдын 15-мартынан өмүрүнүн аягына чейин Алай РИИБинин аймактык милиция кызматкери болуп иштеп келген",- деп билдиришти Ош ОИИБинен.

Кесиптештеринин айтымында, ички иштер органдарында аз убакыт иштегенине карабастан кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болууга жетишкен. Үй-бүлөлүү. Артында жубайы 4 жана 2 жаштагы уулдары калды.

Ош олустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
NURSAPAR
2021-01-29 11:05:25
Жаткан жери жайлуу болсун!
+10
Kari
2021-01-29 11:06:19
Жайы жаннатта болсун.Уй булосуно сабр,кайрат кылсындар
+14
Muslim_KGstana.
2021-01-29 11:52:20
Аябай жакшы бала эле дешип мактап жатышат((
Жаткан жери жайлуу болсун.
+9
Raihan0602
2021-01-29 12:36:21
Muslim_KGstana.,жакшынын өмүрү кыска болот деп коюшат өкүнүчтүү күлгүн куракта өз ажалынан эмес канкорлордун колунан өлгөнү арты кайырлуу болсун жакындарына сабыр.
+9
CR7_JUV
2021-01-29 12:33:33
Жаткан жери жайлуу болсун,
+7
Bakbai
2021-01-29 13:21:48
Жайы жаннатта болсун .
+5
aliya-leyla
2021-01-29 20:46:36
милициянын кадыры калбады окшойт, откондо эле Кара - Кулжада ровдга кол салышкан,мурун фирмадан адамдар тайсвлдап турушат эле, азырчы...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан