Кыргыз футболуна 100 жыл!

Биздин футбол үчүн 2021-жыл өзгөчө жыл. Жүз жыл мурун биздин өлкөдө алгачкы ирет спорттун улуу түрү саналган футбол беттеши ойнолгон.

1921-жылдын 21-мартында Пишпекте (азыркы Бишкек) жергиликтүү команда менен Верный (Алматы) шаарынын командасы жолдоштук беттеш өткөргөн. Оюн 3:1 эсеби менен Верный командасынын пайдасына чечилген, бирок оюндун эсеби маанилүү эмес. Бул дата менен кызыктуу кыргыз футболунун тарыхы башталат. Футбол ал жылдары бүйүр кызыткан оюн болгон эмес, андыктан алгачкы беттештин катышуучулары да, ким голдорду киргизгени тууралуу маалымат сакталган эмес. Бир кылым аралыгында футбол жөнөкөй оюндан бардыгы жакшы көргөн №1 спортко айланды.

Биздин мекенибизде футболду түптөөчүлөр аны улантып, бүтүндөй Кыргыз Республикасына жайылткан сүйүүчүлөргө терең ыраазы болушмак. Жүз жыл аралыгында футбол тарыхыбызда нечендеген инсандар футболду өнүктүрүүгө зор салымдарын кошуп, жаш муунга үлгү боло алышты.

Бир кылым аралыгында бир кыйла жеңиштер да, жеңилүүлөр да болду, сүйүндүк, кайгырдык, эч көңүл кош калтырган жокпуз. Анткени футбол чындыгында уникалдуу, бир жолу бул спортту жакшы көргөн соң аны менен аягына чейин болосуң!

2021-жылы Кыргыз футболдук союзунун жана ассоциациялардын эгидасында өткөрүлө турган бардык мелдештер жана иш-чаралар кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналат. Бирге алга!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан