Бишкек шаарындагы маршруттук таксинин жүргүнчүсүнүн капчыгын уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"2021-жылдын 6-январында М.Б. аттуу жаран ошол эле күнү саат 21:00 чамасында маршруттук таксиден 21 миң сом өлчөмүндө накталай акча салынган капчыкты уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Издөө иш-чараларынын алкагында уурдоого шектелип 1987-жылы төрөлгөн К.А аттуу жаран кармалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Учурда аталган жарандын дагы башка ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда. Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.