"24 жашта". Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган 24 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну Э.Э. алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Сентябрь айында Ысык-Көл РИИБине 36 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылып, март айында өзүн Замир деп тааныштырган белгисиз адам Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын ага саткан. Кийинчерээк аталган автоунаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырлануучуга материалдык чыгым келтирилген", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берененин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда кылмышка шектүү Э.Э райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meku9205
2021-01-30 16:02:53
Сакал коюп алып эле арам иштерди жасап жүрүшөт экен да кудайга тобо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан