Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кой уурдаган жарандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-19-январь күндөрү Сузак районунун тургундары арыз менен кайрылып, короодогу гиссар койлорун белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдиришкен. Арызданган 2 жарандын 4 баш гиссар тукумундагы кочкорлору уурдалып, аларга 255 миң сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.
Жогорудагы арыздардын негизинде тергөө-ыкчам тобу тарабынан окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүлүп, топтолгон материалдар Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөө тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталып, натыйжада алар 1992-жылы туулган А.А. 1995-жылы туулган Э.К. жана 1992-жылы туулган А.Ү. аттуу жарандар болушкан. Алар койлорду Дэу Матиз унаасына салып, изин жашырышканын айтып беришкен. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан аталган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып бир айга камакка алуу түрү тандалып алынган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.