Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Жалал-Абад облусунун аймагында 23-январдан 29-январга чейинки бир апта аралыгында жалпы 1148 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.
Анын ичинен 18 айдоочу унааларын мас абалында, 425 айдоочу катуу ылдамдыкта, 15 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып айдаган болсо, 725 айдоочуга протокол түзүлдү.
Жалпы 129 унаа айып короого токтотулду.