Бишкекте бир апта ичинде 77 айдоочу мас абалда унаа башкарган

Бир апта ичинде тагыраагы 21-январдан тартып, 28-январга чейин Бишкек шаарынын аймагында 6 миң 893 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Алар: Мас абалында унаа башкаруу - 77;

Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -13;

Айдоочулук күбөлүгү жок унааны башкаруу - 72;

Ар кандай жол эрежелерин бузуу - 6 миң 731;

Ошондой 466 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Мындан сырткары бир апта ичинде милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 52 кылмыштардын жана жоруктардын бети ачылды.

Алар:

Бейбаштык -17;

Адам өлтүрүү - 1;

Уурдоо - 4;

Алдамчылык - 2;

Тоноо - 2;

Каракчылык -1;

Зордуктоо - 2.

Ошондой эле бир апта ичинде "102" кызматы боюнча жарандардан келип түшкөн ар кандай багыттагы 1 миң 416 чакыруулар тейленди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан