Баңгизат салынган жүктү алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ош шаарынан келе жаткан унаадан баңгизаттын оор түрү табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда баңгизаттардын оор түрүн ташуу менен алектенүүчү каналга бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Хонда Степвагон унаасы менен баңгизаттын оор түрүн Ош шаарынан Чүй облусуна ташып бара жатканы аныкталган.

"Маршруттук таксинин айдоочусуна белгисиз жактар тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун айылдарынын бирине жеткирүү үчүн шек туудурган жүк берилген. Жүктү алуу учурунда ИИМдин кызматкерлери тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада саат 12:30дар чамасында Чүй облусунун жолунан жүктү берүү учурунда шектүү кармалган. Ал жүктү алуу үчүн буга чейин соттолгон, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран барган. Жүккө кароо жүргүзүү учурунда кийимдеринин арасынан баштыкка оролгон уксус ангидриди жытына ээ болгон зат табылып алынган. Криминалистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат 15 граммды түзгөн героин баңгизаты деп табылып, шектүү кармалган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан