УКМК: "ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды"

УКМК тарабынан кармалып, эки айга камакка алынган Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Тергөөдө кармалган адамдар "Жолчырак" ЖЧКсынын көмүр кенинин аймагындагы мыйзамсыз көмүр казууга катыштыгы бар экендиги далилденди. 2021-жылдын 30-январында тергөө иштерине көмөктөшүүгө жана мамлекетке келтирилген 20 миллион сомдук зыяндын ордун толтурууга байланыштуу Өмүрзаковдун баш коргоо чарасы тергөө аяктаганга чейин үй камагына деп өзгөртүлдү. Мындан тышкары Улукбек Өмүрзаков өзүнүн каалоосу менен Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынан кетүү жөнүндө арызын жазды", -деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Улукбек Өмүрзаков жана дагы үч жаран көмүр кенин рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча кармалганын УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2021-02-01 12:59:02
20млн деген акча кайдан?
+1
Mastura90
2021-02-01 15:49:12
УКМК Кытайдын карызынын жарымын УКМК ка чогултуп койду окшойт коррупционерлерди кутуруп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан