
Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бир аптанын ичинде 1945 жол эрежелерин бузуу аныкталды.
Анын ичинен сприт ичимдигин ичип унаасын башкаргандар - 24;
-Унаасынын алдыңкы айнектерин караңгылатып алгандар - 13;
- Айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын башкаруу- 35;
«102» кызматына чалуулар - 87.
"Эки өспүрүм өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилсе, 15 жаран атайын жайларга жайгаштырылган. 20 жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми айып короого токтотулган унаалар- 110. Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан транспорт каражаттарынын номерлерин жасалмалап жүргөн жеринен 2 унаа аныкталып тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.