ИИМ: "Бишкектеги окуу жайлардын бири мыйзамсыз миграцияны уюштуруп одоно тартип бузушкан"

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарындагы билим берүү окуу жайларынын бири кызмат көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагына келүү үчүн чет өлкөлүк жарандарга мыйзамсыз миграцияны уюштуруп, мамлекеттик органдарга жалган маалыматты берип, мыйзамдын талаптарын одоно бузушкан. Анын натыйжасында оор кылмыш жасалып (банкты тоноого) оор кесепеттерге алып келген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. Андан сырткары, Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринин бири миграциялык мыйзамды бир нече жолу бузгандыгы аныкталып, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тиешелүү чараларды көрүүдө.

Мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, 2020-жыл ичинде республиканын жогорку окуу жайларында 15 миңден ашык чет өлкөлүк студенттер окууда. Ички иштер министрлиги эскертет, Кыргыз Республикасынын “тышкы миграцияны уюштуруу” мыйзамына ылайык, чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жокторду өлкөгө чакырган жарандар, юридикалык жактар жана уюштурууга катышкандар аларга укуктары менен милдеттери жөнүндө өз убагында түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.

Ошондой эле, алардын өлкөгө келүүлөрү, республиканын аймагында жүрүүлөрү жана келүү убактылары аяктаганга чейин өз убагында документтерди каттоо жана даярдап берүү үчүн чараларды көрүү керек. Жогорудагы эрежелер сактабаган учурда мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан