Ош облусунун Өзгөн районунда жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Тенгизбаев билдирди.
2021-жылдын 28-январь күнү саат 23:35 чамасында Өзгөндө белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен жөө адамды, 1977- жылы туулган У.уулу.А.ны сүзүп кеткен. Андан соң окуя болгон жерден из жашырган. Натыйжада жөө адам алган жаракаттарынын негизинде окуя болгон жерден каза болгон.
Бул кырсык боюнча Өзгөн РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жүргүзүлгөн ыкчам-изилдөө иштеринин натыйжасында 29-январь күнү Өзгөн районунун 1977-жылы туулган тургуну Хонда-Степвагон үлгүсүндөгү унаасы менен кармалган. Унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочу Өзгөн РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.