Жалал-Абад облусунун милиция кызматкерлери Түркия жаранын тоноп качып кетишкен жарандарды издеп жатышат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"2021-жылдын 31-январь күнү саат 21:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Абдырахманов көчөсүнөн Түркия Республикасынын 37 жаштагы тургунуна бейтааныш 20-25 жаштардагы 2 жигит келип, таш заводуна жеткирип коюну суранып, анын унаасына отурушкан. Жаранды Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караган сай тарапка алып барышып, коркутуп миң сомдон ашуун акчасын жана кол телефонун алып качып кетишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда милиция тарабынан шектүүлөрдү табуу иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.