Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында 81 жаштагы карыяны сабаган адамга сот чечим чыгарды. Анда сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындай өкүмдү Ош облусунун Кара-Суу райондук соту 2021-жылдын 14-январында чыгарган.
2020-жылдын 22-август күнү Телеграмм каналынын бирине ак калпакчан улгайган адамды эргулдун сабаган видеосу тараган. Видеодо аксакал менен ал адам бир отургучта отурганын, күтүүсүз жерден жашы улуу адамды жанындагысы чаап жибергени көрүнөт. Андан кийин аксакал ордунан туруп кетип бара жатканда жаак талаштыра тепкен. Бул көрүнүш көчөдө да уланып, жерге жаткыра тээп, аёосуз сабаганы видеого тартылган. Көп өтпөй 25-август күнү саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери изделип жаткан шектүүнү кармашкан. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, шектүү өзү жашаган үйүнө келди деген маалымат боюнча үйүнө кызматкерлер барган. Ал өз үйүнөн чыгып, качып кетүүгө аракет кылып, кызматкерлерге баш ийбестен, каршылык көрсөткөн. Натыйжада ички иштер органдарынын 1 кызматкеринин денесине жаракат келтирген.