"Кылмышты жашыруу максатында жансыз денени өрттөп жиберген". Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери эки адамды өлтүрүүгө шектелген жаранды кармашты

Бишкекте Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан эки адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Шектүү жаран мурда соттолгонун ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, өткөн жылы декабрь айында чет элдик жаранды өлтүрүп кеткендиги тууралуу маалымдалган.

"Шектүү жаран жашка бирөөнүн мүлкүн басып алуу максатында Бишкек шаарында жайгашкан батирлердин бирине алдамчылык менен кирип еврейлер общинасынын мүчөсү А.Каганды бычактап, банктык карточкасын алып качып кеткен. Аталган факт боюнча 130-берененин (Адам өлтүрүү) негизинде тергөө амалдары башталган.

Милиция кызматкерлери тез арада шектүүнү аныкташкан. Адам өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран өзүнүн кылмышка тиешеси бар экендигин жашырууга аракет кылган, бирок анын киши өлтүрүүгө тиешеси бар экендиги далилденген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн дагы бир өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды. Тагыраагы, ал өткөн жылдын күз мезгилинен бери дайынсыз болуп жаткан Чүй облусунун Сокулук районунда улгайган аялга кол салып, изин жашыруу максатында жансыз денени ээн жерге алып барып, күйүүчү майды куюп өрттөп жиберген.

Эки адамдын өлүмүнө шектелген жаран 1980-жылы туулган Ш.И. экени жана ал мурда соттолгону белгилүү болду. Чогултулган тергөө материалдар жакын арада сотко өткөрүлүп берилет", - деп айтылат маалыматта.

Жогоруда аталган кылмыштардын бетин ыкчам ачкандыгы үчүн Ички иштер министрлигинин буйругу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин криминалдык милиция кызматынын бир катар ыкчам кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан