Буга чейин ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган. Бүгүнкү күндө Анаркулов үй камагына чыкты деген маалыматтар тарады. Бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан тергөө иштери дагы деле улантылып жатканын, үй камагына чыкпаганын билдирди.
"Ачылган кылмыш ишинин алкагында Н.Анаркуловду камакка алуу түрүндө эч кандай баш коргоо чарасы тандалган эмес, аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши улантылып жатат. Баш коргоо чарасы белгилене элек.
Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жыйынтыгында Н.Анаркуловго карата юридикалык баа берилет", - дешти мекемеден.