Бүгүн, 1-февралда Финпол тарабынан буга чейин аныкталган жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен азыктар жок кылынды. Тагыраагы, 5 тонна табигый шире жана 5 миң кутудай кондитердик азыктар (токочтор, таттуулар) жок кылынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Январь айында борбор калаадагы кампалардын биринен мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын ири көлөмү (таттуулар, печенье жана ар кандай таттуулар) аныкталган. Кампада таңгактарда чыгарылган күндү оңдош (өзгөртүш) үчүн мөөрлөр, ошондой эле иш жүзүндө жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган. Мөөнөтү бүткөн азыктар бар, табылган кампага мөөр басылган.
"Бул факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Иш экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин көзөмөлүндө. Ошол эле учурда Финансы полициясы республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү чараларды көрүүнү улантууда.
Урматтуу бизнес өкүлдөрү, эгерде сиз сатып жаткан азыктардын сактоо мөөнөтү өтүп кеткен болсо, талаптагыдай сапатка жооп бербей тургандыгын билсеңиз, пайда көрбөөгө жана элдин ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырабыз", - дешет мекемеден.