Ошто жасалма акча менен ишкерди алдады деген шек менен издөөдө жүргөн жаран жана анын кылмыш иштерине катыштыгы бар шериктери кармалды. Маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, укук коргоочуларга белгисиз жаран унаасына ок атуучу курал салып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Бул маалымат каттоого алынып, тийиштүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.
"Иш-чаранын жүрүшүндө Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү автоунаадан ок атуучу курал табылган. Ал эми куралды алып жүргөн белгисиз жаран 2 жылдан бери издөөдө жүргөн 35 жаштагы Р.А. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал айдап жүргөн унаа Бишкек шаарынан уурдалгандыгы аныкталды. Кармалган жарандын жанында 4 шериги болгон. Алар тарабынан уурдалган эки автоунаа табылып, бири Бишкектин Тунгуч кичи районунда жашырылган. Экинчисин Ош шаарына айдап келишкен. Уурулук боюнча арыз Бишкек шаарында катталгандыктан иш Биринчи Май РИИБине өткөрүлүп берилди.
Ал эми эки жыл мурда Кара-Кулжа районунда 310 миӊ жасалма рубль берип бал челекчи ишкерди алдагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылынын 35 жаштагы Р.А. аттуу жашоочусу Кара-Кулжа РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал аты-жөнүн өзгөртүп, жашаган дарегин жашырып жүргөн. Шектүүгө карата буга чейин ачылган өндүрүш иши жандандырылды", - дешти басма сөз кызматынан.