УКМК: "Кыргыз жылуулук энерго" ишканасында коррупциялык схема аныкталды"

Жылытуу мезгилинде "Кыргыз жылуулук энерго" Мамлекеттик ишканасынын филиалдарынын муктаждыктары үчүн жасалма күйүүчү май менен камсыздоо үчүн коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери жана филиалдары ишкерлер менен алдын-ала макулдашып алышып, "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларына жеткирилген мазуттун ири көлөмүн жасалма жол менен сатуу боюнча финансылык документтер түзүлгөнү аныкталды. Бул коррупциялык көрүнүш бүткүл республиканын калкын жылуулук менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизет. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталып, ал тиешелүү тартипте мамлекетке өндүрүлүп берилди.

Мындан тышкары, "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын "Кант жылуулук менен камсыздоо ишканасы" филиалында, 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде мазут жеткирүү үчүн документтерди жасалма жол менен каттагандыгы үчүн коррупциялык схемасына бөгөт коюлду. Аталган ишкананын жетекчилиги ЖЧларынын биринин өкүлү менен келишим түзүп, жасалма жол менен ири көлөмдө мазут каттаган.

Көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, учурда УКМК тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыян аныкталды. Мыйзамсыз иштерге катышкан бардык адамдар жоопко тартылмакчы", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
janyll
2021-02-02 09:52:56
Шоу болуп жатат, камап анан бошотуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан