Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркуловго эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Анаркуловго карата эч кандай чара көрүлгөн жок. Ал кармалган жок", - деди басма сөз кызматкери.
Ал эми укук коргоо органдарындагы өздүк булактар Анаркуловдун үй камагына чыгарылганын билдиришти.
"Анаркулов пара талап кылды деп арыз берген жабырлануучу өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартууда. Буга байланыштуу ал азыр үй камагында. Бирок сотко чейинки өндүрүштүк иштери жүрүп жатат", - деди ал.
Эске салсак, 30-январда ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалган.