Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 31 өрт кырсыгы катталды

Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 31 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрь күнү ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Анын ичинен Бишкек шаарында 7, Жалал-Абад облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 5, Чүй жана Ош облустарында 4төн жана Нарын менен Баткен облустарында 1ден өрт кырсыгы катталган. 

Бишкекте Бөкөнбаев көчөсүндө Тойота Камри (мамлекеттик номуру В 9333 В) автоунаасы күйүп кеткен. Ошондой эле Беловодск айылында үйдүн чатырынан өрт чыккан. Жалал-Абад облусунда болсо 4 тонна чөп күйүп кеткен. Учурда  өрттүн чыгуу себептери иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан