Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментине 8 кылмыш иши козголду

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментине 8 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам актылары бир-бирине дал келбей калган. Анда медициналык препараттарга экспертиза жүргүзүүдө мамлекеттик сатып алууда көрсөтүлгөн департаменттин бардык тармактарында тутумдук коррупциялык схема аныкталып, жыйынтыгында алардын натыйжалуу ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизгендиги аныкталган.

"Мындан тышкары, департаменттин жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз киреше көрүү максатында дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каттоодо жана экспертизалоодо фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдошуп, мамлекетке сапатсыз медициналык препараттарды алып келген. Коронавирус илдетине байланыштуу пандемия учурунда коррупциялык кылмыштарды жасашкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген департаменттин жооптуу кызматкерлерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 8 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып тергөө амалдары жүрүүдө.

Ошондой эле тартиптик жоопкерчиликке 4 кызматкер тартылып, анын ичинен 1 кызматкер жумуш ордунан бошотулган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
janyll
2021-02-02 10:35:16
Кимдер жоопко тартылды жазбайсынарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан