Ошто 31 жаштагы аял кишини унаасы менен сүзүп, качып кеткен унаа табылды

Ош шаарында 31 жаштагы аял кишини унаасы менен сүзүп, качып кеткен унаа табылды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1-февраль түнү саат 04:30дар чамасында Ош шаарынын тургуну 1990-жылы туулган аял киши Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу маалымат берген. Анда ал Ош шаарынын Касымбеков көчөсү менен Раззаков көчөсүнүн кесилишиндеги дүкөндүн алдында Киа үлгүсүндөгү унаа сүзүп, качып кеткенин айткан.
Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы аталган унааны таап, айып короого токтоткон. Ал эми материалдар Ош ШИИБине өткөрүлүп берилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asan92
2021-02-02 12:50:46
Бизле Аялдар кордук коргон заман качан аяктайт.
0
Tatu_8889
2021-02-02 13:03:53
Унаасы менен сузуп кеткен унаабы же унаасы менен сузуп качып кеткен,унаа табылдыбы?
0
bond02
2021-02-02 13:36:03
Tatu_8889,унааны унаа айдап журуптур да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан