Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 8 баш жылкы уурдап бара жаткан жарандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-январь күнү саат 22:00 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылынын тургуну 40 жаштагы М.Т.нын ошол эле айылда сегиз баш жылкысын белгисиз жарандар уурдап бара жаткан жеринен кармалышып, тергөө кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Тергөө мезгилинде, аталган кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын 29 жаштагы Б.И. аттуу тургуну өзүнүн 28 жаштагы бир тууган иниси болуп аталган кылмышты жасашкандыгы аныкталган. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүүлөрдүн мындан башка кылмыштарга катышы бар же жоктугу текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.