Бишкекте троллейбус менен эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 1-февралда болжол менен саат 18:30 чамасында болгон. Анда Москва көчөсү менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде №7 троллейбус менен Toyota Camry жана Golf 5 үлгүсүндөгү унаалар катышкан жол кырсыгы катталган.
"Кырсыктын кесепетинен Toyota Camry унаасынын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Эки унаа тең убактылуу унаа токтотуучу жайга токтотулган. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдирди кайгуул кызматынан.