Баткенде жаранга күч колдонуп документтерин тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-январда Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургунун колундагы телефонун жана банктык карточкасын, айдоочулук күбөлүгүн, жарандык паспортун бейтааныш бала күч колдонуп тартып алып, белгисиз жакка из жашырып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 201-берене "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Кызыл-Кыя ШИИБнин милиция кызматкерлери 1-февраль күнү Ош шаарынан Ош облусунун Кара-Суу районунун 18 жаштагы Х.Д. аттуу тургунун жогорку кылмышка шектүү катары кармашкан. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.