Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында жүк ташуучу унаалардын аккумуляторун уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү өзү айдаган унаасы менен уурулукка барып жүргөн.
"Шектүүнүн үстүнөн 6 факты боюнча иш жүрүүдө. Ал Алай районунун тургуну. Мурда соттолгон эмес. Учурда шектүү үй камагына чыгарылып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.