"Скай Мобайл" ЖЧКсынын мурдагы башкы директору коррупцияга шектелип кармалды

"Скай Мобайл" ЖЧКсынын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ал коррупциялык ишке шектелип кармалган жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Аскер прокуратурасынын ведомстволор аралык ыкчам-тергөө тобу тарабынан радио жыштыктарды сатып алуу жана сатуу боюнча бүтүм түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдө айрым мамлекеттик органдардын жетекчилигинин кызмат адамдары тарабынан коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

Тергөөнүн жүрүшүндө айтылган коррупциялык схемага "Скай Мобайл" ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Евген Кражандын катыштыгы жөнүндө далилдер алынды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан